Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV
“Мага жеткен маалыматтар боюнча, Мамлекеттик Салык кызматы бир орусиялык компаниянын кызыкчылыгын көздөп, башкалардын техникалык тапшырмаларын алуудан баш тарткан”. Бул сөздү парламентте салык кызматын фискалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Жанар Акаев айтты.
“Ушундай кайрылуулар түшүп жатат. Албетте, мен фискалдаштыруу саясатын колдойм, бирок, атаандаштыкка бирдей шарттарды түзүп беришиңер керек. Жарандардын салык төлөмдөрүн төгүү боюнча шарттары жакшырышы керек. Бирок, бул зордоо жолу менен жасалбашы керек”,-деди депутат.
Эске сала кетсек, 2017-жылы 423 ишкерлик субъекте салыктардын суммасын азайтып койгон факты ачыкка чыккан.