Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
Бүгун, 23-апрелде ЖК депутаты Жанар Акаев камактагы саясатчыларды коргоо митингинде аларды абактан бошотуу менен бирге соттордун өздөрүн да тазалоого үндөдү.
«Кыргызстанга азыр радикалдуу реформалар керек. Кыргызстанда сотторду оңомоюнча реформа болбойт! Буга окшогон соттордон азыр жетөө камалды деп жатпайбызбы? Кыргызстанда 99% сотторду жаңылаш керек. Адилеттүү мамиле жасап Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Дүйшөнкул Чотоновду чыгарып койгула», — деди Акаев.
«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдн жана экс-депутат Садыр Жапаровду жактоо үчүн чогулгандар миңден ашканы кабарланууда. Алар аталган саясатчыларды абактан бошотууну талап кылышууда.