“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жанара Бакирова.
Жанара Бакирова 44 жашта Бишкек шаарынын тургуну.
«Органикалык айыл чарба департаментинин Чүй территориялык филиалынын жетекчисимин. 4 баланын апасымын. Айыл чарба тармагында 22 жылдан бери эмгектенип келем. Жөнөкөй кызматтан жетекчилик кызматка чейин көтөрүлдүм деп айтсам болот. Башкы максатым өлкөдө органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү»,-деди Бакирова.