“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жанна Ирбулатова.
Жанна айым 26 жашта. Бишкек шаарынын тургуну. «Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде (КГЮА) мугалим.
«Кесибим боюнча юристмин. Лидерлик сапатымды мындан ары өнүктүрүп, элге пайдалуу иштерди жасагым келет. Ийгиликтүү айымдардын катарын толуктасам дейм»,-деди Ирбулатова.