• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тергөө абагында жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин абалы оорлоду

10 Аяк оона 201814:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV
УКМКнын тергөө абагында жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тез арада ооруканага жаткырылышы керек. Бул тууралуу кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда,  Жантөрө Сатыбалдиевди кардиолог текшерип чыгып, стационардык дарыланууга муктаж экенин билдирген. Андыктан керектүү документтин баарын тергөө абагынын администрациясына карап чыгуу үчүн жиберелген. Ага Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандарынын мурунку премьер-министрдин бала чагынан бери жүрөк оорусу менен жабыркайт деген көрсөтмөлөрү тиркелген.
Ошондой эле Сатыбалдиевдин  жүрөк оорусу тукумунда болгондугу дагы айтылды.
Количество просмотров: 61