• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Сугат суусунун тартышыгы боюнча абал жакшырууда, себеби? Үч адамды өлтүрүүгө шектелген жарандын иши сотко өттү

12 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

СУГАТ СУУНУН ТАРТЫШТЫГЫ БОЮНЧА АБАЛ

Бишкекте сугат суусунун тартышыгы боюнча абал жакшырууда. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, күндүн ысышынан улам мөңгүлөр эрип, шаардын айланасындагы дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлдү. Мындан улам суу алуучу бассейндердеги суунун көлөмү көбөйүп, насос менен сууну сугат каналдарына бөлүштүрүү жеңилдеп калды.

ҮЧ АДАМДЫН ӨЛҮМҮ: ИШ СОТКО ӨТТҮ

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Govori. TVга Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тергөө иштери аяктап, иш сотко өттү»,-деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары А.Ч.К. аттуу эркек кишини кармаган.

Свердлов райондук сотунун чечими менен шектүү 16-июнга чейин камалган.

Шектүү 36 жаштагы А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. 2021-жылы А.Ч.К. эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган.

СУУГА ЧӨККӨН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Кемин районунун Орловка шаарындагы көлмөгө чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине 3 суучул, 2 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана чөккөн жарандын туугандары тартылды. Бул тууралуу ОКМ кабарлады.

Маалым болгондой, 9-июнь күнү, кечкээ маал эс алууга барып, көлмөгө 1991-жылы туулган 2 жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

10-июнда суучул-куткаруучулар Ж. уулу А. аттуу жарандын сөөгүн суудан алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бүгүн сууга чөккөн экинчи К.А. аттуу жаранды издөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 44