• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаныш Бакиев Алматыда деген маалымат тарады

10 Жалган куран 2021 20:04 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта качкын президент Курманбек Бакиевдин тууганы Жаныш Бакиев Алматыда деген маалымат тароодо.

Эске салсак, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Кыргызстанда ал бир нече кылмышка айыпталып, 30 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 366