Качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаева Кыргызстанга келди. Ал менен чоогу түшкөн сүрөттү “Достор” тобунун ырчысы Айчүрөк Султанова соцтармакка жарыялады. Орозгүл Токторбаева дагы “Достор” тобунда ырдачу.


Орозгүл Токторбаева Кыргызстандан 2010-жылы 7-апрелден кийин чыгып кеткен.
Эске салсак, Жаныш Бакиев Кыргызстанда сыртынан соттолгон. Ага бир катар адамдарды өлтүрүүнү уюштурган деп күнөө коюлган.