• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров 2025-жылы Жалал-Абадды Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоону сунуштады

3 Жетинин айы 2023 14:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Астанада өтүп жаткан ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу саммитинде сүйлөп жатып, 2025-жылы Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашкан Жалал-Абад шаарын Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоону сунуштады.

Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө Түрк кызматташтык уюмдары – ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүүгө жана туристтик индустрияны өнүктүрүү иштерин активдештирүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, учурда Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйыны өтүүдө.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунун темасы «TURKTIME» (Traditions – каада-салттар, Unification – биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – илим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия) болуп саналат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.

Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Количество просмотров: 129