• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу пикирин билдирди

23 Үчтүн айы 202510:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров укук коргоочу Азиза Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу комментарий берип, «жөн гана саясат кылууда» деп белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчысы «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган кезектеги маегинде билдирген.

Жапаров укук коргоочуну эч ким аңдыбаганын жана өлкөдө адам укугу сакталарын, бул мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын бири экенин кошумчалаган.

«Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл мурун айтса, ии, чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай, жөн эле келе берсин.
Өлкөбүздө адам укугу сакталат. Ага өзгөчө маани берүү – мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыттарынын бири. Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым», — деген ал.

Эске салсак, укук коргоочу, «Кылым шамы» уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткени 2024-жылдын соңунда белгилүү болгон. 

Количество просмотров: 317