• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун директору менен жолугушту

3 Бештин айы 2023 9:01 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Дубай шаарында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөр башталаардын алдында Мамлекет башчысынын катышуусунда «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» кыргыз-эмират биргелешкен холдингдик компаниясынын уставдык жана уюштуруу документтерине кол коюу аземи болуп өттү.

«Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» ААКсын түзүүнүн негизги максаты — артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден Кыргызстандын экономикасына түз инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Баарлашуунун жүрүшүндө потенциалдуу экономикалык кызматташтык жана стратегиялык инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан үчүн бир тууган жакын өлкө, ал эми элдерибизди тарыхый жана руханий достук байланыштар бириктирип турат.

Садыр Жапаров Кыргызстан БАЭ менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин жана бардык тармактарда, атап айтканда, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө аракет кыла турганын белгилеп өттү.

Ал Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташуунун жемиштүү тарыхын канааттануу менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» – Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы инвестициялык кызматташтыгынын жакшы бир үлгүсү болуп калат деген ишенимин айтты.

Өз кезегинде Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн достук мамилелерди канааттануу менен белгиледи.

Ал өлкө жетекчилиги Кыргызстан менен байланышты бекемдөөдөгү ийгиликтерди, биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлордон бөлөк да түзүлгөн өз ара аракеттенүүнү жогору баалаарын баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Мохаммад Саиф Аль-Сувейди Кыргызстан менен кеңири спектрдеги кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Количество просмотров: 81