• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Афганистандагы кырдаал боюнча ЖККУнун сессиясына катышат

23 Баш оона 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.

Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан  Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия  Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышары күтүлөт.

Количество просмотров: 81