• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин куттуктады

20 Тогуздун айы 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу агроөнөр жай тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Кыргызстандын ондогон кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы менен дыйканчылыгы биздин агрардык өлкө экенибизди айгинелеп турат.

Айыл чарба тармагынын кызматкерлери өлкөбүздө негизги жүктү көтөрүп, бул тармакты ар тараптан өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы демилгелер менен жакшы жышааналарды жаратууга жасаган далалаттарын баалабай коюуга болбойт.

Айыл чарба жааты жаңы ишканаларды ачуу, жаңы жумуш орундарды түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен мамлекеттин экономикасынын негизи болуп келген, боло берет.

Бүгүнкү күндө мамлекетибизде өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылыгы, балык чарбачылыгы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо жана импорттоо, бул жаатта инновациялык технологияларды киргизүү сыяктуу агрардык тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары акырындап жолго коюлууда. Ирригация жана мелиорация, токой чарбачылыгы, ветеринария, механизация, химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин, органикалык айыл чарбасы, аларды санариптештирүү тармактарында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү колго алынууда.

Аталган сектордун маанилүүлүгүнө басым жасоо аркылуу мамлекет дыйкандар менен фермерлерге жана айыл чарба тармагындагы кайра иштетүүчүлөргө жагымдуу шарттарды жаратып, “Айыл чарбасын каржылоо” жана “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” сыяктуу программалар менен айыл чарбасына колдоо көрсөтүүдө.

Сиздер менен биргелешкен аракеттерибиздин аркасында айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жаңы технологиялар менен стандарттарды киргизип, чет өлкөлөргө экспорттоого түрткү берип, өлкөбүзүн чет элдик рыноктордогу позициясын бекемдөө аркылуу айыл чарба өндүрүшүбүздү жогорку деңгээлге көтөрө аларыбызга үмүт артам.

Агрардык өлкөбүздө айыл чарбасын мыкты өздөштүргөн жана эл аралык тажрыйбасы бар адистер абдан зарыл. Айрыкча дыйканчылык менен мал чарбасында алектенгендердин квалификацияларын жогорулатуу иштерин өркүндөтүү кажет. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө дүйнөнүн ийгиликтүү тажрыйбаларын алып, айыл чарбасынын ар тармагына кластердик тутумду киргизүү менен мол түшүм алууга үндөшүбүз керек.

Урматтуу айыл чарба өндүрүүчүлөрү!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Сиздерге кажыбас кайрат, кайтарымдуу мээнет каалайм.

Эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, бар болуңуздар!».

Количество просмотров: 89