Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 6-июнда, Кыргызстандын Малайзиянын курама командаларынын ортосунда беттеш болуп өттү.
«Оюндун жыйынтыгында Мамлекет башчысы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды»,-деп жазылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.