Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы барасында алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу билдирүү калтырган.
Анда мындай деп жазылат:
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин.
Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси.
192-берене. Шайлоочуларды сатып алуу
1-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
1-категория. Эркиндигинен ажыратууга
(жашы жете электер — 1 жыл, 6 айга, башка адамдар — 2 жыл 6 айга чейин) жазаланат».