• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом коротууга жана жолдорду жабууга тыюу салды

22 Үчтүн айы 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттан билдиришкендей, алгач иш-чарага 15 миллион сом бөлүү каралган. Бирок, аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн.

Мындай маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, пандемия маалында мындай чыгымдар ылайыксыз экенин айткандар да болгон.

Коомчулуктун талкуусуна кечээ өткөн даярдануудан улам жолдор жабылганы да болгон. Резиденциядан Улуттук филармонияда бара турчу негизги жолдор жабылып, тыгын жараткан.

Көп өтпөй, Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инагурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыкты.

«Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, Президент болгондон кийин баарынан ГАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 286