• Жума 12 Теке 2024
  • Пятница 12 Июль 2024

Жапаров Антониу Гутерришке комуз белек кылды

2 Теке 2024 16:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды

Президент Садыр Жапаров менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш комуз түрүндө курулган пирстен басышты, ошол жерден аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти.

Андан соң Президент Садыр Жапаров терең урматтоо иретинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке эстеликке белегин, улуттук аспап — комузду тартуу кылды.

Количество просмотров: 70