Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата куттуктоо жазып, армиядагы сүрөттөрүн жарыялады.
«Урматтуу мекендештер! Ата Мекенибиздин коргоочулары — кымбаттуу мырзалар!
Сиздерди эр жигиттин мекенчил сезимин козгогон бул даталуу күн менен чын дилимден куттуктайм.
Ошондой эле мага төмөндөгү видео-роликти белек катары салып жиберген мекендештер! Белегиңерге, куттуктоолоруңарга чоң рахмат айтам. Сиздерди да Мекен коргоочулар күнү менен куттуктайм, бар болуңуздар!
Мен жалпы жаштарды, мектеп бүтүрүүчүлөрүн кыргыз армиясынын катарында кызмат кылууга үндөөр элем. Анткени аскердик милдет турмуш жолундагы кыйынчылыктарга туруштук берип, майтарылбас эркти бүлөйт. Эр жигитке ыйык болуп саналган Ата Мекенди, эл-жерди көздүн карегиндей сактоого күчтүү ишенимди, атуулдук парзды калыптандырат. Турмушка бышкан, патриот, эл-жеринин тынчтыкта бакубат жашоосуна жетишүүгө конкреттүү максат койгон эр-азаматтар тарбияланып чыгат. Ар бир ата, ар бир эне Мекенди коргойм деп, армияга кызмат кылган уулдары, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн алган билимин аябаган балдары менен сыймыктанат. Ата Журт дагы мындай уул-кыздары менен даңкталат. Демек бул — чоң сыймык!
Биз турмушта бышып жетилген, эрктүү, мекенчил жана билимдүү жаштар менен Кыргызстаныбыздын келечегине ак кызмат кылабыз!
Урматтуу мекен коргоочулар! “Мекен чегин коргойм, өлкөмдү өнүктүрөм, эл-журтумдун байгер турмушун камсыздайм” деген ой-максатыңар эч качан майтарылбасын, кайрат-күчүңөрдөн жазбагыла!», — деп жазган ал.