• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жапаров Азербайжандагы элчи Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады

22 Бештин айы 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

Sputnik Азербайжандын пресс-борборундагы маалымат жыйынына шилтеме кылуу менен Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин “Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Россиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады”, — деп бир катар ЖМКларга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, белгиленген маекте бул тууралуу сөз да болгон эмес.

Аны менен бирге, ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана ЖМКларда айың-кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады.

Количество просмотров: 1021