• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Жапаров Азербайжандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

24 Бештин айы 2021 15:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, түрдүү тармактарда өз ара байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Илхам Алиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ал тарыхый достуктун жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген өлкөлөрдүн биргелешкен кызматташтыгын жогору баалап, бул иште Илхам Алиевдин жеке чоң салымын баса белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ал азербайжан тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Количество просмотров: 216