Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсү, жолдордун курулушу тууралуу 2-октябрда «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп, бир катар суроолорго жооп берди.
Жапаров өз маегинде өлкө боюнча бир катар чоң долбоорлор башталып жатканын айтып, алардын бири катары “Тамчы” аэропортунун тушуна салынып баштаган 5 жылдыздуу отелди атады. Жапаровдун айтымында, ал жакта жалпы 9 беш жылдыздуу мейманкана курулат.
«Дагы бир чоң долбоор бар. “Тамчы” аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салып башташты. Ал жерде 90 гектар жер бар. 10 гектардан 9га бөлгөнбүз. 9 беш жылдыздуу мейманкана курулат. Биринчиси башталды. Эки жылда ишке бересиңер деп талап коюп жатам. Өзүбүздүн ички инвесторлорду, олигархтарыбызды чакырам. Алгыла да салгыла, бир эле талап – 5 жылдыздуу мейманкана салуу, аны эки жылда ишке киргизүү. Кийин анан жердин баарын жалаң чет өлкөлүктөргө берип салыптыр деп чыгышпасын. Азиз Суракматов деген жигитибиз “мен бирөөнү салам” деп жер сурады эле. Келсин, салсын. Жерлер даяр, бүгүн бергенге даярбыз.Албетте, биринчи өзүбүздүн ички инвесторлорго басым жасасак жакшы болот эле. Себеби кийин тапкан таза кирешелери толук бойдон өзүбүздүн өлкөдө калат эле. Тыштан келген инвесторлордон деле зыян тартпайбыз. Акча кирет, жумуш орундары түзүлөт, салыктар түшөт. Бирок таза кирешелерин өздөрү алып кетишет да», — дейт Жапаров.