Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигиндеги 4-июндагы маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сөздөргө дагы жооп берди. Ал журналисттин «Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаевдин Кой-Таш окуясына байланыштуу сот чечимин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат”, — деп айтканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Бакиевди алып келип соттоо деле кыйын болорун белгиледи.
«Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери «Бакиевди алып келели десек, беларус тарап бербей жатат» деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, «макул берели, бирок ачык сот кылгыла» дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат. Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз — жаш баланын сөзү. Алла күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин. Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти»,-деди Жапаров.
Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.