• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаров: «Зордук-зомбулук маселесине көңүл коштук кылгандар кызматынан кол жууйт»

20 Бештин айы 202411:53 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алды.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготууда.

“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз. Укук коргоо органдарынын бирден-бир ыйык милдети – “алсыздарды коргоо” экендигин бир канча ирет эскертип келем. Ал эми күч түзүмдөрүнүн кимиси ушундай фактыларга шалаакылык кылып, көңүл коштукка жол беришсе, анда ал атуулдук ар-намысынан эле ажырабастан, кызмат ордунан да кол жууйт. Биз ар бир аялзаты жана ар бир баланы мамлекет тарабынан коргоону, колдоону, камкордук менен сый-урматты сезген бейпил коомду курушубуз керек», — деди президент.

Количество просмотров: 224