• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров баштаган делегациянын Глазго шаарына жеке учак жалдап барганы талкууда

2 Жетинин айы 2021 10:16 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Глазгого БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын 26-конференциясына жана дүйнө лидерлеринин Саммитине катышууда.

Бул арада өлкө башчы Жапаров баштаган делегация Глазго шаарындагы саммитке жеке учак жалдап кеткени социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.

Ал эми Президенттик администрациянын маалымат кызматы президентти ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолёт менен келүү мүмкүн эместиги маалымдалган.

«Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын талаптары боюнча Кыргызстандын делегациясына Глазго шаарына жеке учак менен баруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 228