• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жапаров: Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар!

19 Аяк оона 2022 12:58 Бишкек Govori.TV

Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

«Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер. Кадырман калайык-журтум! Бир болсок, ынтымактуу болсок баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз. Ынтымагыбыз чыңдалып, биримдигибиз бекемделе берсин! Кан Манастын тукумубуз деген демибиз өчпөсүн! Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ачык, Баткен жергесинде дайыма тынчтык болсун!”,-деди ал.

Количество просмотров: 220