• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Бекназаровго жооп берди

14 Жалган куран 2024 10:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди.

«Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун. Аңыраңдап-шаңыраңдаган барып, өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды. Биз Кемпир-Абаддын 50 пайызына ээ болдук да. Азыр Өзбекстан тараптан 3, биз тараптан 3 кишиден болуп теңме-тең башкарып олтурабыз. Түбөлүк теңме-тең болот. Буга чейин бир километр жакындай албайт элек. Уңгар-Тоо, Гавасай, айылдардын ичиндеги талаш жерлердин баары биз тарапка өттү. Анан Бекназаровко дагы эмне керек? Жөн гана өзүнүн арам оюн, жеке кызыкчылыгын ишке ашырайын деген ыплас максатын төбөдө Кудай деле көрүп турат да. «Илгерки заманын өткөн, бас, сенин ордуң түрмөдө» деп алып барып киргизип койду го деп ойлойм. Болбосо биз чечкен чек ара маселеси боюнча бизге медаль берсе жарашат эле. Тарых өзү баа берет бул маселеге. Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингке чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле. Эгер мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингке чыккандар болсо башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени «наше дело правое». Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек», — дейт президент.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында отурат. Иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Количество просмотров: 106