• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров Билим берүү министрлигинде кезексиз кеңешме өткөрдү

27 Бугу 2022 10:16 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде кезексиз кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда төрага министрликтин аткарган иштери жана алдыдагы пландары менен таанышып, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр заман талабына ылайык жүрүшү керек деп белгиледи.

“Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, баарыбыз биргелешип иш жасай турган мезгилдебиз”, — деди Акылбек Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим менен илим – экономиканы алдыга жылдыруунун негизги локомотиви экенин айтып, министрлик тарабынан калктын билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаларын билдирди.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги тарабынан билим берүү тармагын колдоого алуу күчөтүлөрүн убадалады.

Количество просмотров: 4283