• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров биринчи жолу галстук тагынып, жыйынга катышты

10 Жетинин айы 2020 17:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйынга Кыргызстандын атынан президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров катышууда.

Жапаров кызматка киришкенден бери алгачкы жолу галстук тагынганын көрүүгө болот.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы кызматына расмий киришүү үчүн парламентте ант бергенде жана буга чейинки бир катар жыйындарга галстуксуз катышканы үчүн социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан түрдүү пикирлер айтылган эле.

Количество просмотров: 5077