• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Бишкек ЖЭБдеги кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды

2 Бирдин айы 2024 9:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысына ЖЭБдеги авария боюнча дароо маалымат берилген.

«Президент кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюуну тапшырды. Жеринде министрлер кабинетинин жана компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жүрөт. Мамлекет башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап турат», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 81