• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жапаров Бишкек ЖЭБге барды

2 Бирдин айы 2024 13:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Количество просмотров: 109