Өкмөткө сунуш киргизүүнү айттым, кумаркана өлкөнүн бардык жагында ошол эле Бишкекте, облус борборлорундагы шаарларда ачылсын деп жатам. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 26-апрелде “Пирамида” телеканалына түз эфирде маек куруп, акыркы учурда коомдо кызуу талкууланган айрым маселелер боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирген.
Маек учурунда ал Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын билдирген.
“Казинолор 2015-жылга чейин иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойной алчу. Жаш балдар барып күнү-түнү ойногон учурлар болгон. Айрым депутаттар ошону шылтоо кылып, казинолордун ээлерин коркутуп-үркүтүп келген. “Бизге отметка кылгыла, баланча миллион доллар алып келгиле” дешкен, бирок кумаркана ээлери мамлекетке салык төлөп жатканын айтышып, макул болбогондо бир сап мыйзам менен иштөөсүн тыйып салышкан. Мен азыр Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт деп мыйзамга киргизгиле деп жатам. Бирок чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат”, — деди Жапаров.