• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жапаров Бишкектеги 2 музыкалык окуу жайды текшерип барды

15 Аяк оона 2023 17:19 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз барып, текшерди.  Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Тактап айтканда, ал М. Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды. Мамлекет башчысы окуу корпустарын карап чыгып, балдардын окуу шарттары жана процесси менен таанышты.

«Күтүүсүз барып, текшерүүнүн жыйынтыгында Президент Жапаров эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жасоону, билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнү, ошондой эле эки мектептин аймагында балдар үчүн жатаканалардын жаңы имараттарын куруп баштоону тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.

М. Абдраев атындагы мектеп-интернат совет мезгилинде курулуп, окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж, балдар жатаканасынын имараты болсо кейиштүү абалга келген. Аталган музыкалык окуу жай 1939-жылы курулуп, 2015-жылы имараттын маңдайкы бөлүгү гана оңдолгон. Жетекчиликтин маалыматы боюнча, эч качан капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес.

Количество просмотров: 1222