• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров: Бизде адам укугу менен сөз эркиндиги бар 

15 Бештин айы 2023 13:40 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, өлкөнүн экинчи Элдик Курултайында кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын” айтты.

«Бүгүнкү экинчи элдик Курултай дагы былтыркы биринчи Элдик Курултай сыяктуу эле эки күнгө уланат. Мен эки күн бою толугу менен сиздер менен болом. Сөз сүйлөгөндөрдүн суроо-талаптарын жазып алып, эң аягында бир саат убакыт берсеңиздер баарыңыздарга жооп бергенге аракет кылам. Бизде адам укугу менен сөз эркиндиги бар жана мындан ары да сакталат. Ким кандай орчундуу маселе көтөргүсү келсе же сөз айткысы келсе ачык айтыңыздар. Бир гана сураныч, такталбаган жалган маалыматтарды айтып, кимдир бирөөлөрдү каралап, жеке аброюна шек келтиргенден алыс болсонуздар деген сураныч. Анда эмесе, Элдик Курултайдын ишине ийгилик каалайм. Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!»,-деди ал.

Количество просмотров: 97