«Биздин президенттердин да катасы «Кумтөр» болду» деген пикирин бүгүн, 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.
«Мурунку президент Аскар Акаевдин жакын туугандары 2003-жылы түзүлгөн келишимге аралашканы сотто каралып жатат. Аскар Акаев өзү келип, муну мойнуна алганы үчүн балким азыр «Центерра» менен сүйлөшүүлөр жылып жаткандыр. Мен «Кумтөрдөгү» механизмдердин баарын билгеним үчүн, Садыр Нургожоевич мага ишенип комиссиянын башына чакырды. Мен «Кумтөрдү» өзүбүзгө алуу үчүн бардык механизмдерин билем. Муну кайтарууга саясий эрк гана керек. Ал жагынан Садыр Нургожоевич болгон аракетин жумшап жатат. Мына, Камчыбек Кыдыршаевич ортодогу «крышаларды» алып салган үчүн, бюджетке 31 млрд сом ашыкча түштү», — деди Жапаров.