«Президент Садыр Жапаров активист, блогерлер менен жолугушту» деген маалымат боюнча мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Govori.TVга комментарий берди.
Султанбаев, жарандар менен катардагы эле жолугушуу болгонун айтуу менен гана чектелди.
Эске салсак, 23-майда социалдык тармактарда өлкө башчы Жапаров айрым блогерлер менен жолугушуу өткөргөнү боюнча маалымат тараган. Анда президент менен болгон жыйынга блогерлер тандалып чакырылганы айтылган.