• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Борбор Азия лидерлерин кандай коноктоду?

3 Кулжа 2023 10:03 Бишкек Govori.TV

2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунун алкагында Садыр Жапаровдун атынан Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель үчүн расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

Жогорку даражалуу меймандарды тосууда аларга Жер планетасы, анын адамзат үчүн ыйыктыгы жана баа жеткис белек экени, Жерде жашаган адамдар бир тууганча, бекем достукта жашашы зарылдыгы баяндалган «Ыйык аманат» аттуу театрлаштырылган пролог көрсөтүлдү.

Театрлаштырылган пролог Драм театрдын артисттери жана “Шаттык” улуттук үлгүлүү бий ансамбли тарабынан коюлду.

Андан соң делегация башчыларына Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли жана филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестри тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Актерлор менен эстрада артисттери Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробирликтин ортосундагы тарыхый достукту, ынтымакты, ар тараптуу кызматташтыкты жана маданий-социалдык карым-катнашты жогорку чеберчилик менен көрсөтүп беришти.

Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Европа Кеңешинин делегация башчылары үчүн БА жана ЕБ өлкөлөрүнүн белгилүү музыкалык чыгармалары аткарылды.

Количество просмотров: 187