• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Чехиянын президентине көңүл айтты

25 Бештин айы 202314:40 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чех Республикасынын президенти Петр Павелге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

«Прага шаарындагы Карлов университетинде ок атуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана чех элине көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат телеграммада

Количество просмотров: 111