• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапаров чек арачы Мирбек Султанбек уулуна батирдин ачкычын тапшырды

23 Бирдин айы 2022 18:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн «Көк-Таш» чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу жана чек ара жаңжалында каза болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жубайы Гүлхайо Кодирова менен жолугушту.

Мамлекет башчы чек арачы Мирбек Султанбек уулуна Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.

Прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жесирине материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Мирбек Султанбек уулу октон жаракат алган. Аскер кызматкери быйыл «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Чек ара кызматынын прапорщигиБекзодбек Юлдашев2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы тилкесинде куралдуу кагылышта каза болгон. Өткөн жылдын май айында ал курман болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да буга чейин Бишкектен батир алышкан.

Количество просмотров: 223