Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.
Жогорку Сот «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, Дуйшөнкул Чотоновдун жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун ишин бир күндө карайт.
Садыр Жапаровдун соту башталды.
Жогорку Соттун алдында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чогула баштады.
Учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата- Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан.