• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору жетектеген делегация менен жолукту 

27 Жалган куран 2024 17:35 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова жетектеген делегация менен жолукту.

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтып, анын экономикалык, экологиялык, социалдык жактан кеңири пайдасы жана өлкө үчүн жана Борбор Азия аймагы үчүн келечеги бар экенин белгиледи.

Тараптар Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун 2024-жылдын апрелинде боло турган “жазгы жолугушууларын”, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Австрияда боло турган энергетикалык форумун талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Наквини өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Количество просмотров: 72