Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңеш депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна каршы пикир билдирип, артка кайтарды.
Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева депутаттарга президенттин каршы пикиринин жүйөсүн чечмелеп, мыйзамды ишке ашыруу үчүн кошумча автоунааларды сатып алуу жана айдоочулардын санын көбөйтүү зарылчылыгы чыкканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, мындай чыгымдар 2025-2026-жылдарга мамлекеттик бюджетте каралган эмес.