• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров депутаттарга Жогорку соттун төрайымын кызматтан бошотууну сунуштады

31 Жалган куран 2021 13:18 Бишкек Govori.TV

Парламентте Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу тууралуу сунуш айтылды. Мындай сунушту Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрүнө айтып, сунуш күн тартибине киргизилди.

Буга чейин УКМК «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашырууда жасалган кылмышка байланыштуу сотко чейинки тергөө иштери тууралуу жарыялаган болчу.

Жогорку соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева 2018-жылы 22-сентябрда шайланган.

«Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгып, пайдаланууга берүү үчүн 2016-жылы Европа биримдигинин өкүлчүгү акча бөлүп берген.

Количество просмотров: 112