• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров Душанбе шаарындагы Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду

29 Кулжа 2021 10:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун «Дусти» аянтына орнотулган.

Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары уланууда.

Количество просмотров: 73