• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты

5 Бугу 2021 14:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 5-майда элге кайрылуу жасап жатып өлкөнүн экономикалык абалына, каатчылыктан чыгуу жолдоруна токтолду.

“Экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат»,-деди ал.

Жапаров экономикалык реформаларды жүргүзүп, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтүүгө убада берди.

«Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Башкарууну жакшыртууга, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана санариптештирүүгө, салык жүгүн төмөндөтүүгө жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган фискалдык системаны реформалоо ишке ашырылат. Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз! Андыктан 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз. Экинчиден, бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү. Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот интситуту өнүктүрүлөт. Үчүнчүдөн, биз тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздашыбыз керек. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот. Ошондой эле транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукциянын сыртка чыгуудагы көйгөйлөрүн чечүү маанилүү. Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан «Бир алкак — бир жол» долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз. Биз заманбап шарттары бар мульти-модалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Ага жер бөлүп беребиз. Төртүнчүдөн, экономикага түз инвестицияларды тартуу керек. Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун өөрчүтүү зарыл. Бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана инфраструктуралык базаларды калыбына келтирүү үчүн түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу маанилүү. Бул кадамдардын мамлекеттин стратегиялык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келиши абзел. Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек», — деди президент.

Количество просмотров: 84