• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров электрдин тарифин көтөрүүнү сунуштады

21 Чын куран 2021 15:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы адистерди чогултуп, бул жааттагы көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчы өзү «Фейсбуктагы» баракчасында жазып, анда сүйлөгөн сөзүн толук жарыялады.

Мамлекет башчы буга чейин бул тармакта проблемаларды чечкендин ордуна, тескерисинче, проблеманын үстүнө проблемалар үйүлүп, оңдоо иштерине деген шылтоо менен кредиттер алынып, акчалар тармакка жумшабастан уурдалып, бул секторго салынбай келгендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилешинче, мындай мамиленин натыйжасында, бүгүнкү күндө энергетикалык компаниялардын карызы 129 миллиард сомду түздү, оңдолбой калган подстанциялар менен линиялар начар абалга келди.

Садыр Жапаров көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кезекте электрдин тарифин көтөрүү зарыл экенин, муну үчүн бир нече баскычтуу сунуш бар экенин ортого салды. Ал жарык пайдалануучуларды бир нече катмарга бөлүп, бааны ошого жараша коюу керектигин айтты.

«Албетте, түшүнүгү тайыз, же жакшы түшүнүп турса да популисттик кылып, эл үчүн күйүп-бышкан саясатчы болуп көрүнгүсү келгендер ЖМК беттерин бербей, тариф саясатын сындап чыгышат. Анткени алар күзүндө өтө турган шайлоодо элдин добушун алуунун амалын издешет. „Саясатчы алдыда боло турган шайлоолорду эсепке алып ойлонот, ал эми мамлекеттик ишмер өлкөнүн келечегин гана ойлойт“ деген учкул сөз бар. Андыктан, биз сиздер менен мамлекеттин келечеги үчүн коркпой иш алып бара берели. Жыйынтыгы жакшы болот. Кийин көпчүлүк эл рахматын гана айтат», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы «турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу» керек деди. Ал расмий эсепте Кыргызстанда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө ба экенин ортого салды.

«Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз»,-деди Жапаровдун сөзүндө.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын.

Количество просмотров: 2303