• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров элге кайрылуу жасап, чек арада курман болгондорду эскерди

5 Бугу 2021 10:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-майда, мамлекет башчысынын өлкө элине кайрылуу жасоо иш-чарасында Садыр Жапаров жана бул иш-чаранын катышуучулары Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар учурунда курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.

Жапаров кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

Ал тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөндүгүн баса белгилеп, бул окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, президент Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Количество просмотров: 119