• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров эмне үчүн Тажикстанга барат? Президенттин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсү

24 Кулжа 2021 16:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрүндө расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары, 28-29-июнда президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасына барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат.

Количество просмотров: 1015