• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

27 Теке 2022 14:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Количество просмотров: 272