• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров энергетика министри Бекмурзаевдин ишин сындап, сөгүш жарыялады

26 Жетинин айы 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге дагы сөгүш жарыялады.

Жапаров министрдин электр энергия тармагындагы маселелерди чечпей жатканын сындады.

“Кечээ көмүр боюнча да көйгөй жаралды. Түшүнүп турам саботаж болду. Жыл башынан бери үч жетекчи алмашты. Кабинетиме УКМКнын башчысын, өзүңүздү чакырдым, ӨКМ бардык техникаларын жөнөттү, шарттын баарын түзүп бердик. Элге көмүрдү сатканда баасын 3 жана 3,5 миң сомдон көтөрбөгүлө дедим. Бир ай бою ажиотаж кылдыңыздар. Көзөмөлгө ала албай койдуңуз, ошондуктан сизге дагы сөгүш жарыялайм”, — дейт ал.

Теги:
Количество просмотров: 373