• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Эсептөө палатасы жөнүндөгү конституциялык мыйзамга кол койду

2 Кулжа 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат.

Конституциялык мыйзам ушул жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Конституциялык мыйзам менен Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат.

Конституциялык мыйзам Эсептөө палатасы тарабынан өлкөнүн бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде пайда болгон мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.

Количество просмотров: 63